• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акыйкатчы 14 жашка чейинки балдары бар аялдарга жаза мөөнөтүн өтөөнү жылдырууну сунуштайт

Коом 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Кечээ, 28-мартта Кыргызстандын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова №2 аялдарды түзөтүү мекемесине барып, жазасын өтөп жаткан аялдардын айрымдары менен жолукту. Бул тууралуу Акыйкатчы катчылыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы биринчи кезекте кичинекей балдары бар аялдар менен сүйлөштү.

Азыркы учурда 3 жашка чейинки ымыркай балдары бар 9 аял абакта кармалып турат. Эне-балага түзүлгөн шарт жана медициналык камсыздоо, тамак-аш маселелерине көңүл бурулду.

Аялдардын айтымында, балдар үчүн атайын ойной турган аянтча жок, керектүү шарттар түзүлгөн эмес, коопсуз эмес. "Кир жуугуч машинасы жок, кичинекейлерге жалаяк жана манеждер жетишпейт", - деп билдиришти алар.

Абактагы аялдар балдары бар соттолгон аялдарга өкүмдүн аткарылышынын мөөнөтүн өтөө кийинкиге жылдыруу мүмкүнчүлүгү колдонулбай турганын баса белгилешти.

«Паракорчулук менен, кызматтык абалын колдонуп кылмыш жазасына тартылгандардын жаза мөөнөтүн өтөө кийинкиге жылдырылат, эмне үчүн бул кепилдик башкаларга колдонулбайт», – деп суроо узатышты соттолгон аялдар.

КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова 14 жашка чейинки балдары бар аялдарга жаза мөөнөтүн өтөөнү жылдыруу зарылдыгын белгилейт, бул ченем КР Кылмыш-жаза кодексинин 87-беренесинде да каралган.

"Жакын арада Акыйкатчы аппараты жаза аткаруу мекемелерине, мамлекет тараптан дайындалган адвокаттардын ишмердүүлүгүнө, соттордун иштөө процесстерине чоң мониторинг иштерин баштайт", - деп айтылат маалыматта.

Мониторинг Юстиция министрлигинин жетекчилиги, МКЮЖ (мамлекет кепилдеген юридикалык жардам) борбору жана айрым ЖМК өкүлдөрү менен биргеликте өттү.

Пикир

Оставить комментарий