• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР Акыйкатчысы Улуттук алдын алуу механизмдеринин эл аралык форумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 27.04.18 /Кабар/. Астанада, 26-27-апрелде, кыйноолор менен күрөшүүгө арналган (УАМ) «Улуттук укук коргоо мекемелеринин бирдиктүү аракеттенүүсү менен кыйноолорду алдын алуу жана УАМ» деген аталыштагы форум болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев Казакстан Республикасынын адам укуктары боюнча Ыйгарым өкүлү А.Шакировдун чакыруусу менен аталган Форумдун ишине катышты. Бул тууралуу КР Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Казакстан Республикасынын 16 аймагынан 100дөн ашык УАМ катышуучуларын биринчи ирет чогулткан бул Форумда, ошондой эле Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын жана Мажилисинин депутаттары, борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, омбудсмендер жана Борбор Азия, Россия жана бир катар европа өлкөлөрүнүн улуттук укук коргоо мекемелеринин өкүлдөрү, улуттук жана эл аралык серепчилер, жарандык коомдун өкүлдөрү дагы катышышат.

Коюлган суроолордун актуалдуулугун эске алуу менен Акыйкатчы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппараты тарабынан «Кыйноолордун жана катаал мамилелердин курмандыктарына карата соттук текшерүүлөрдү өндүрүүдө Стамбул протоколунун принциптерин колдонуунун натыйжалуулугу» деген темада Атайын доклад даярдалгандыгын айтты. Андан тышкары, адам укуктарын коргоону, кыйноолорду жана башка аесуз, адамгерчиликсиз жана алардын ар намысын кемсинткен мамилелерди жана жазаларды эскертүүнү жакшыртуу максатында КР Акыйкатчы аппаратынын тиешелүү тармактык бөлүмү тарабынан республикадагы 24 убактылуу кармоо изоляторундагы жана 6 тергөө изоляторлорундагы камактагыларды жана соттолгондорду кармоо шарттарына мониторинг жүрүзүлдү. Ал жактарга кирүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тыянактар чыгарылып, анын негизинде тиешелүү мамлекеттик уюмдарга конкреттүү сунуштар берилди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын 2017-жыл үчүн жылдык докладында чагылдырылган.

Форумдун алкагында Парламенттин Сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын Акыйкатчысын жана Россия Федерациясынын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын Акыйкатчыларын кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кубат Оторбаев биздин өлкөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча маселелерди жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү, Акыйкатчы аппаратынын мамлекеттик органдар жана өлкөнүн парламенти өз ара аракеттери тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын укуктарын Казакстан жана Россиянын аймагында коргоодо Бажы биримдигинин алкагында регионалдык интеграциялык процесстердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде К. Токаев Казакстанда былтыр болуп өткөн конституциялык реформалар тууралуу маалымат берип, анда президенттин ыйгарым укуктарынын кайсы бир бөлүгү бийликтин аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу бутактарына берилгендигин айтты. Мында киргизилген эң маанилүү жаңылыктардын бири Сенатка адам укуктары боюнча ыйгырым өкүлүн шайлоо жана кызмат ордунан бошотуу укугу берилген.

Парламенттин жогорку палатасынын төрагасы билдиргендей, бул улуттук укук механизмдерин институттук колдоо мүмкүнчүлүктөрүн жаратат. Сенаттын спикери укук укуктары жаатындагы бирдиктүү, аймактар аралык эриш-аркак, координациялуу, аракеттерди колдоого аларын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий