• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР Акыйкатчысынын “Укук кербени” Нарын шаарында болду

Аймак 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 18-октябрында КР Акыйкатчысынын “Укук кербени” долбоору Нарын шаарында болду. Бул тууралуу Акыйкатчынын катчылыгынан кабарлашты.

“Укук кербени” долбоорунун катышуучулары Нарын облустук Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык мектептин имаратында жолугушуу өткөрүштү. Жыйынга мамкызматкерлер, Нарын облусунун жетекчилиги, прокуратуранын, ИИМдин, социалдык коргоо мекемесинин кызматкерлери катышты.

Катышуучуларга КР Акыйкатчы аппаратынын Балдар, аялдар, үй-бүлө укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Наиля Токтосунова иш-чаранын максатын түшүндүрдү. Ал мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана жарандар менен бирге чогулуп, чечилбей келген көйгөйлөрдү чогуу талкуулоо экендигин билдирди.

Акыйкатчы аппаратынын адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча ар тараптуу ишмердүүлүгүн кыскача түшүндүргөн сон, иш-чара суроо-жооп багытында болду. Катышкандар төмөнкү маселелер менен кайрылышты.

-Жөлөкпул чектөө механизмин өзгөртүү керек. Учурда киреше 1000 сомдон ашса эле жөлөкпул чектелбей калат. Азыр баалар кымбаттаганына байланыштуу киши башына кирешени суммасын көтөрүү маселесин Өкмөткө жеткирүүнү суранышты.

Нарында пенсияга чыккан күч орган ардагерлери кайрылышып, эгерде алар көчүп кетсе, бийик тоолуу шарттарда иштегени үчүн пенсияга кошумча төлөм алынып салынганына нааразычылк билдиришти. "Бул өмүр бою иштеп тапкан пенсияга болгон укуктун бузулушу", -деп белгиледи күч органдарынын ардагерлеринин өкүлү.

Нарын жергесинде медициналык кызматкерлер жетишпейт. Дарыгерлердин айлык акылары аз. Мугалимдердин айлыгынын аздыгынан жаш мугалимдер да келбейт. Пенсионерлер иштейт.

Бюджетте окуган студенттерди диплом алыш үчүн белгилүү мөөнөт иштеп бермейинче дипломдору берилбейт. Аларды ар кайсы региондорго жөнөтүү белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратат.

Жолугушуу учурунда, негизинен пенсия жана жөлөкпул маселелери көтөрүлүп, бийик тоолуу шартты эске алуу менен алардын өлчөмүн жогорулатуу керек деген маселе ортого салышты.

Эске салсак, бул долбоорду ишке ашырууга Европа биримдиги жана Германия экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) кошо каржылануучу “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү, 2 фаза” программасы тарабынан колдоого алынган.

Пикир

Оставить комментарий