• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР Акыйткатчысы Рязандагы мигранттардын укуктарынын бузулушу боюнча кайрылуу жасады

Коом 0

Бишкек, 20.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев Россия Федерациясынын адам укуктары боюнча атайын өкүлү Т.Москальковага Рязань шаарында жайгашкан «Февраль» ЖЧКнын жетекчилери тарабынан эмгек мигранттарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарынын одоно бузулууларына байланышкан фактыларды көзөмөлгө алуусун өтүнүп кайрылуу жөнөттү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги Россия Федерациясынын Рязань облусунда иш берүүчүлөр паспортторун тартып алып, айлык акыларын мыйзамсыз кармап, төлөбөй жаткан биздин жарандар бар экендиги тууралуу маалымат тараткан.

РФнын укук коргоо органдарынын аталган фактыны текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен «Февраль» ЖЧКнын бир нече кабинеттери печатталып, финансылык документтери, оргтехника, цехтин көзөмөл жүргүзүүчү камерасынын катуу дисктери (ашкана жана өндүрүштүк цехтин) алынган. Биздин 13 жарандан түшүнүк каттар алынып, ошондой эле алардын арыздары РФнын Ички иштер министрлигинин Москва облусунун Рязань шаарындагы бөлүмүнүн кылмыштарды каттоо китебине кабыл алынган. Биздин жарандардын катталган арызына байланыштуу оперативдик-тергөө тобу түзүлүп жана «Февраль» ЖЧКнын кызматкерлерине карата фактылар боюнча кылмыш ишин козгоо жаатында ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев «Күнөөлүүлөр Россия Федерациясынын жана эл аралык нормалардын чегинде жазаларын алышы керек, анткени аталган факты Россия Федерациясынын Кылмыш Кодекси менен карала турган заманбап кулчулукту көрсөтүп турат»,- деп белгилеген өз катында.

Пикир

Оставить комментарий