• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР аскер сотторунун судьяларынын кызмат орундарында ыйгарым укуктарды жүргүзүүнүн токтотулушу жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлык боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин З-бөлүгүнө, аскер сотторунун судьяларынын штаттык бирдиктерин Кыргыз Республикасынын тиешелүү жергиликтүү сотторуна өткөрүп берүүнү караган 2016-жылдын 23-декабрындагы № 216 «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана 2016-жылдын 23-декабрындагы №217 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылынды:

1. Жергиликтүү соттордун төмөнкү судьялары үчүн аскер сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү 2017- жылдын 1-мартынан баштап токтотулду:

Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун судьялары:

- Джунусов Эркин Маткаримович;

- Сулайманов Жолдошбек Атакеевич;

Бишкек гарнизонунун Аскер сотунун судьялары:

- Карабеков Алмаз Маматбекович;

- Тентимишов Марлэн Бактыгулович;

Ош гарнизонунун Аскер сотунун судьялары:

- Кабылбеков Таалайбек Мейманжанович;

- Суеркулов Эрлан Оморалиевич.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий