• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР авторлорунун арасындагы Улуттук сынактын жеңүүчүлөрүнүн китептеринин бет ачары өттү

Коом 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 15-декабрда Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Кыргыз Республикасынын авторлорунун арасындагы Улуттук сынактын жеңүүчүлөрүнүн китептеринин бет ачарын өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын максаты – Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик системасынын өнүгүшүнө көмөктөшүү жана авторлордун чыгармачылыгына өбөлгө түзүү, мыкты чыгармачылык иштерди коомчулукка жайылтуу жана колдоо болуп эсептелет.

Салтанаттуу аземди Кыргызпатенттин директору Р.Керимбаева ачып берип, өзүнүн сөзүндө, мекеме негизделген күндөн тартып, интеллектуалдык менчик ээлери болгон авторлор, ойлоп табуучулар, маданият жана искусство ишмерлеринин чыгармачылыгына колдоо көрсөтүп келерин билдирди.

Аталган иш-чарага КР министрлер кабинетининин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Ж.Бакиров, КР президентинин администрациясынын билим, илим, спорт жана жаштар бөлүмүнүн эксперти У.Исмаилбеков, КР чыгармачылык союздарынын өкүлдөрү, белгилүү акын-жазуучулар, чыгармачыл инсандар жана китеп күйөрмандары катышты.

Салтанаттуу иш-чара Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттеринин жана Токтогул Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын окуучуларынын чакан концерти менен коштолду.

Маалымат үчүн: 2020-жылы өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын авторлорунун арасындагы Улуттук сынакка 70тен ашык калемгер катышып, анын ичинен Калыстар тобу чыгармасы мыкты деп тапкан төмөндөгү 14 автордун китеби жарык көрдү:

1. “Проза” номинациясы боюнча:

- Байбосунов Карыбек – “Кармазой”;

- Сейтказиева Роза (Мырзабекова) – “Городские истории: обыкновенные и невероятные”.

2. “Иллюстрацияланган балдар көркөм адабияты” боюнча:

- Жамангулов Нарынбек – “Менин энем космонавт”;

- Наралиева Миргүл – “Табышмактуу тамгалар”.

3. “Поэзия” номинациясы боюнча:

- Мендебаев Толукбек (Толук Бек Байзак) – “Көчмөн дүйнө”

- Көкүлов Калчоро – “Ыйман ыры”;

- Тиллебаев Өмүрбек – “Адамдын күн жүрүшү”.

4. “Илимий-популярдуу чыгарма” номинациясы боюнча:

- Токтосунова Адаш, Токтосунов Нарынбек, Сулайманова Алтынай – “Таинства и уроки Природы”;

- Момбекова Жыргал – “История кыргызов и Кыргызстана с древнейших времен до наших дней”;

- Муратов Абдыкерим – “Кыргыздардын элдик билимдери жана тажрыйбалары”;

- Калдыбаев Нурланбек – “Таштагы симфония”;

- Алымбаев Абдрахман (Байас Турал) – “Улуттук эс-тутум”.

5. Альбом-каталог” номинациясы боюнча:

- Аламанова Нагима – “Вдохновение, чувства, любовь к истокам”

- Мусаев Манасбек – “Ч. Айтматов ааламындагы фотографиялар”.

Пикир

Оставить комментарий