• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР Азия-Тынч океан аймагында жакырлыкты жоюунун инновациялык чараларын түзүүгө катышат

Коом 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. 29-мартта Таиланддын борборунда “Азия-Тынч океан аймагында өзгөрүү шарттарында жакырчылыкты жоюу жана өнүгүүгө аракеттешүү” форуму өтүп, анда Кыргызстандан Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрилиги катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жылдыз Полотова Бангконтогу БУУнун жыйындар залында 31-мартта өтүүчү туруктуу өнүктүрүү боюнча эл аралык форумуна катышат. Бул кеңири иш-чаранын максаты көрсөтүлгөн аймактагы өлкөлөрдө жакырчылыкты кыскартуу маселелерин чечүүдөгү жетишкендиктер, стратегиялар жана кыйынчылыктар камтылган.

Министрлик билдиргендей, ички жана тышкы кооптонууларга, коркунучтарга карабастан, Кыргызстан жалпы жана өтө жакырлыкты жоюуда жылыш алды. 2000-жылы миң жылдыктын максаттарын кабыл алгандан тартып, өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээли 52%дан 32,6% чейин кыскарып, өтө жакырлыктын деңгээли 17,8%дан 1,2% чейин же 15 эсе азайды.

Ж.Полотова форумга катышкан өлкөлөргө 2013-2017-жж. иштелип чыккан туруктуу өнүгүүгө өтүү улуттук стратегиясы боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы менен тааныштырды.

“Туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясынын алкагында жарандардын кыйла алсыз категориясына даректүү социалдык жардам көрсөтүүгө, эмгекке жарамдуу калктын активдүүлүгүн өбөлгөлөөгө жана оор жашоо абалынан чыгууга көмөктөшүүгө арналган программалык документтер ишке ашырылат. Бул маселедеги бардык суроолор эл аралык уюмдар жана жарандык коом менен кызматташуунун аркасында жетишилди. Маселелерди чечүү жана коюлган тапшырмаларды аткаруу туруктуу өнүктүрүү жетишкендиктеринин алкагында үзгүлтүксүз жана өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылат”, - деп айтылат Ж.Полотованын кайрылуусунда.

Форумдун жүрүшүндө экономикалык, социалдык жана экологиялык кооптонууларды азайтуу үчүн жаңы инновациялык жана топтомдуу кадамдарды иштелип чыгуу, ошондой эле азия-тынч океан аймагында прогрессти тездетүү үчүн өз ара колдоо көрсөтүү, аймактык кызматташуу жана алдыңкы тажрыйбаны кеңейтүү мүмкүндүктөрүн аныктоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий