• 84.79
  • 98.7
  • 1.2

КР Баатыры Сүйүнбай Эралиевдин мемориалдык тактасы өзү жашаган үйгө орнотулду

Маданият 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин мемориалдык тактасы өзү жашаган үйгө орнотулду. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова катышты.

Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сүйүнбай Эралиев 1921-жылдын 15-октябрында Талас облусунун Үч-Эмчек айлында жарыкка келген.

Сүйүнбай Эралиев чыгармачылык ишин Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында баштаган. Согушта жарадар болуп, 1944-жылы армиядан кайтып келгенден кийин ал "Сталиндик жеңиш", Талас облустук "Лениндик туу" гезиттеринде иштеп жүрүп, ыр жазуусун улантат да, 1949-жылы "Биринчи жаңырык", 1950-жылы "Тууган жер" аттуу жыйнактарын жарыкка чыгарат. 1944–1951-жылдары Талас облустук "Лениндик туу" гезитинин жооптуу катчысы, "Кыргызстан пионери" гезитинин жооптуу редактору, 1959–1965-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын катчысы, 1965–1967-жылдары Москвадагы Жогорку адабияттык курстарда угуучу, 1967–1984-ж.ж. Жазуучулар союзунун башкармалыгынын адабий кеңешчиси, 1984-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун кыргыз акындарынын ассоциациясынын президенти болгон.

Ырлары 1939-жылдан баштап жарыялана баштаган. Биринчи поэтикалык жыйнагы "Биринчи жаңырык" деген ат менен 1949-жылы жарык көргөн.

Сүйүнбай Эралиев кыргыз поэзиясында биринчи болуп эркин ыр формасын 1966-жылы жазылган "Жылдыздарга саякат" поэмасында чеберчилик менен пайдаланган.

Акын Уитмендин, Тагордун, Турсун-Заденин, Твардовскийдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Ошондой эле өзүнүн чыгармалары көп тилдерге которулуп, "Жылдыздарга саякат" поэмасы 1967-жылы Югославияда басылып чыккан.

Акындын жалпы кыргыз тилинде 36, орус тилинде 20, башка тилдерде 4 китеби жарык көргөн.

Эралиевге "Күнгө эстелик", "Жаркыраган ашуу" аттуу орусча ыр китептери үчүн 1981-жылы Александр Фадеев атындагы медалдын ыйгарылышы анын чыгармачылыгын бүткүл Союзга таанымал болушунун айкын далили болгон эле. 1948-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, 1974-жылы "Кыргыз Эл акыны", 1986-жылы "Кыштак кечтери" аттуу китеби үчүн (1985-жылы басылып чыккан) Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгын алган.

1998-жылы Казакстандын адабият жана өнөр тармагындагы Эл аралык Жамбыл атындагы сыйлыгы ыйгарылган.

2000-жылы кыргыз жана казак элдеринин ортосундагы достукту чыңдоодогу зор салымы үчүн Казакстан Республикасынын "Алтын көпир" аттуу Эл аралык сыйлыгы берилген.

"Элдердин достугу" ордени, Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени, III жана I даражадагы Манас ордендери, Ардак грамоталар жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.

2006-жылы "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген ардак наам берилген.

Пикир

Оставить комментарий