• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Башкы прокурор Курманкул Зулушев АКШнын Мамкатчысынын орун басары Узра Зея менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары маселелери боюнча орун басары Узра Зея менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын жүрүшүндө эки тараптуу укуктук кызматташуунун коррупцияга каршы аракеттенүү, адам укуктарын сактоо, адам сатууга каршы күрөшүү жана кылмыш иштеринин алкагында өз ара укуктук жардам көрсөтүү жааттарындагы маселелер талкууланды.

Башкы прокурор Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу, анын ичинде колдонууга киргизилген прокуратура жөнүндө Конституциялык мыйзам, жаңы кабыл алынган кодекстер жана КР министрлер кабинетинде, Жогорку Кеңеште каралып жаткан мыйзам долбоорлору боюнча кыскача токтолуп кетти.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча кызматташуунун өнүгүүсүнүн оң динамикасын белгилешип, аны мындан ары да бекемдөөгө ынтызар экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий