• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР базарынын жарымын казак жана белоруссиянын жүк ташуучулары басып кеткен – Жүк ташуу ассоциациясы

Коом 0

Бишкек, 21.12.17. /Кабар/. Кыргызстандын жеке жүк ташуучулары казак жана белоруссияныкы менен атаандаша албай жатат. Бул тууралуу бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча Кеңештин жыйынында жүк ташуу ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев билдирди.

Анын айтымына караганда, атамекендик өндүрүүчүлөрдө көбүнчөсү бир гана унаа болот.

“Айдоочу, менеджер жана директор да өзү. Унаа ишканаларын көтөрүш керек. Себеби Казакстан менен Белоруссиянын компаниялары Кыргызстандын базарларынын жарымын басып алышты. Бизде дээрлик 120 унаа ишканалары бар, бирок алардын жарымы мыйзамдуу”.-деди ал.

Шабданалиев билдиргендей, жүк ташуучулардын башын бириктире турган механизм бар.

Өз кезегинде өкмөт башчы Сапар Исаков жүк ташуучуларды бириктери турган механизмди иштеп чыгуу үчүн тийиштүү тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий