• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЕККУ Мамлекеттик бажы кызматына компьютердик жабдыктарды берет

Коом 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 13-июлда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Роговдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Мамлекеттик бажы кызматы менен ЕККУнун “Чек ара кызматташтыгы жаатында Бажы кызматынын дараметин чыңдоо жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүү” долбоорунун алкагындагы учурдагы өз ара аракеттенишүүсүн, ошондой эле Кыргызстандын бажы кызматын модернизациялоого жана институционалдык өнүктүрүүгө багытталган жакынкы келечектеги пландарды талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар төмөнкүлөргө кол коюшту:

- 2021-жылдын экинчи жарымына МБК менен ЕККУнун өз ара аракеттенишүү планына;

- Компьютердик жабдыктарды жана техникалык каражаттарды МБКга берүү жөнүндө макулдашууга.

Төрага Самат Исабеков көрсөтүлгөн техникалык жардам үчүн, бажы кызматынын ар кандай чөйрөлөрүндө бажы кызматын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар жетишилген натыйжаларды белгилешти жана Мамлекеттик бажы кызматы менен ЕККУнун ортосундагы 2021-жылга Өз ара аракеттенишүү планынын алкагында мындан аркы жемиштүү кызматташууга үмүтүн билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий