• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР бажычылары Өзбекстандан аткезчилик жүк ташууну аныкташты

Укук тартиби 0

Бишкек, 31-март /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын аткезчилик менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан “Ош” бажысынын кызматкерлери менен биргеликте үстүбүздөгү жылы 27-мартта Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз товар ташуу фактысын аныкташты.

МБК басма сөз кызматы билдиргендей, КР жараны “Т.У.Б.” Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз товарларды ташуу учурунда кармалган. Желим тиричилик буюмдары жана кийим-кече табылган.

Келтирилген зыяндын суммасы эсептелүүдө. Материалдар КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына КР кылмыш мыйзамына ылайык чечүүгө берилди.

Пикир

Оставить комментарий