• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР белгилүү сүрөтчүлөрү “Кышкы маанай” көргөзмөсүн ачышты

Маданият 0

Бишкек, 22.12.17. /Роман Гайнанов – Кабар/. Бишкекте бүгүн Кыргызстандын белгилүү сүрөтчүлөрү “М Галереясында” “Кышкы маанай” аталыштагы көргөзмөнүн ачылышын өткөрүштү.

“Кышкы маанай” көргөзмөсүндө Алексей Каменский, Алапай Абдыкасымов, Наталья Копелович, Сабиджан Бабаджанов, Халида Шимова, Нюргуяна Иннокентьева, Момунбек Астар, Таалай Усубалиев, Константин Шкурпела, Талант Огобаев жана башка белгилүү сүрөтчүлөрдүн картиналары коюлган.

“М Галерея” көркөм галереясы 1991-жылы ачылган. “М Галерея” белгилүү сүрөтчүлөрдүн картиналарын бир гана Кыргызстанда көрсөтпөстөн, Россия, Казакстан, Түркия, Германия, АКШ, Франция жана башка өлкөлөрдө көрсөтмөлөргө коюшат.

Пикир

Оставить комментарий