• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР БИМ: Билим берүү жана илим министрине кылмыш иши козголгон жок

Коом 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлиги министр Болотбек Купешевге кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалыматты төгүндөйт.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, “билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге кылмыш иши козголду» деген маалымат чындыкка дал келбейт.

«Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 17-беренесине ылайык, министрлик Reporter.kg маалымат агенттигинен чындыкка дал келбеген, министрдин ар-намысына көө жапкан, элге жар салынган билдирүүнү төгүндөөнү талап кылат», - деп айтылат маалыматта.

Ошону менен бирге министрлик редакцияга жалган маалыматты атайылап элге жар салуудан карманууну сунуштайт.

Эскерте кетсек, буга чейин айрым маалымат каражаттары Билим берүү жана илим министрине кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалымат жарыялашкан.

Пикир

Оставить комментарий