• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР бюджеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин маянасына 20 млрд. сомдон ашык бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 02.10.18./Кабар/. КРдагы бюджеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин маянасына 20 млрд. сомдон ашык бөлүндү. Бул тууралуу КР финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Борбордук казыналыктын 2018-жылдын 1-октябрына карата маалыматы боюнча, ушул жылдын 9 айында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык аткарылышы 93 млрд 69 млн 983,6 миң сом суммасында ишке ашырылды. Анын ичинен бюджеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин маянасына 20 млрд 745 млн 498,2 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 6 млрд 45 млн 107,9 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 39 млн 601,5 миң сом бөлүндү.

«Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча чыгымдар 7 млрд 86 млн 368,5 миң сомду түздү. Мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө 18 млрд 802 млн 163,4 миң сом жумшалды. Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча сарпталды.

Пикир

Оставить комментарий