• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР бизнес-акыйкатчылыгына 100 адам арыз берип, анын ичинде 17 чет элдик болгон

Экономика 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. КР бизнес-акыйкатчы кызматына 100 адам арыз берип, анын ичинде 17 чет элдик болгон. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында экономика министринин орун басары Элдар Алишеров билдирди.

Аягында, жыйынтыктоочу маекке 5 киши калган. Алардын арасында президенттин аппаратынын каржы-экономикалык анализ бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурсулуу Ахметова, Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Мусуралиев, "Дордой" ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев, Улуу Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд-Смит жана "Кумтөр" компаниясынын кызматкери Актилек Тунгатаров болгон.

"Азия банкынын" директорлор кеңешинин төрагасы - байкоочу кеңештин мүчөсү Назира Бейшеналиеванын айтымында, ал кызматка кыргызстандыктар менен катар чет элдиктердин да арыз калтырууга укугу болгон.

"Жыйынтыгында күчтүү талапкер утту. Биз көз карандысыз орган – байкоочу кеңешти түзө алдык. Ага өкмөт менен бизнес коомчулуктун өкүлдөрү кирди. Талапкерлерди тандоодо катуу талаптар коюлган", - деди ал.

Белгилей кесек, бизнес-акыйкатчы 5 жылдык мөөнөткө шайланып, эки мөөнөттөн ашык убакытка шайлана албайт.

Пикир

Оставить комментарий