• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

КР боюнча бала бакчага мектеп жашына чейинки балдардын 23% барат - Султанбекова

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.11.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстан боюнча бала бакчаларга мектеп жашына чейинки балдардын 23% барат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында өкмөттүк саатта вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров учурда мектепке чейинки мекемелерге канча бала барарын сурады. “2014-жылы 12% болгон. Ал эми бүгүн канча, өсүш барбы?. Болсо, ал эмнеге байланыштуу, себеби мамлекет анча көп бала бакчаны курган жок”, - деп кызыкты эл өкүлү.

Вице-премьер учурда бала бакчаларга мектеп жашына чейинки балдардын 23% барарын айтты. “Бала бакчалардын саны өсүүдө. Мында жеке тармак да бар. Ар түрдүү фонддор тарабынан каржыланган бала бакчалар да бар. Бул бала бакчалардын эсебинен бала бакчага барган балдардын саны өсүүдө”, -деди Султанбекова.

Республика боюнча жалпысынан бүгүнкү күнү 1 миң 62 мектепке чейинки билим берүүчү мекеме иштейт, аларда 152 миң 216 абала тарбияланууда.

Пикир

Оставить комментарий