• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР БШК АШК менен УШКнын ар бир мүчөсүнүн кызыкчылыгын көздөйт

Шайлоо 2017 0

БИШКЕК, 25.08.17 /Кабар/. Борборшайлоокомдун жыйынында шайлоо өткөрүү мезгилинде участкалык шайлоо комиссияларынын жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн иштерин жөнгө салуучу токтом кабыл алынды. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

“Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуунун тартиби жөнүндө” Жобого толуктоолор киргизилди. АШК менен УШК мүчөлөрүнүн иши шайлоо өткөрүү мезгилинде төлөнөт, ошондой эле негизги ишиндеги орточо эмгек акысы сакталат. Шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде, ошондой эле шайлоо кампаниясы аяктагандан кийин 6 ай ичинде АШК менен УШК мүчөлөрү иштен бошотулбайт жана өзүнүн макулдугу болмоюнча башка ишке которулбайт.

Дагы бир маанилүү толуктоо: АШК менен УШК мүчөлөрү тигил же бул маселелер боюнча өздөрүнүн ойлору, сунуштары үчүн куугунтукталбайт. Ал эми кызматтык милдетин аткаруу учурунда АШК менен УШКнын мүчөлөрүнүн ишине тоскоолдук кылгандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Пикир

Оставить комментарий