• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР БШК: Биометрикалык каттоодон өткөн жарандар шайлоочулардын тизмесине киргизилет

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Маалыматтык шайлоо системасын башкаруу боюнча бөлүм башчысы Аскар Эрназаров түзүү механизмдери тууралуу түшүнүк берди.

Нет описания.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шайлоочулардын тизмесине 18 жашка чыккан, биометрикалык каттоодон өткөн жана жергиликтүү коомчулуктун мүчөсү болгон жарандар киргизилет.

Жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрү кимдер? Бул – бир мандаттуу шайлоо округунун курамына кирген тийиштүү айыл аймагында, шаарда жашап жаткан жарандар.

Жергиликтүү шайлоо коомчулугундагы мүчөлүк шайлоочу-жарандын чибине жазылган, паспортундагы каттоо белгиси же добуш берүүгө чейин 90 күндөн кем эмес мөөнөт ичинде жүргүзүлгөн паспорттордун улуттук реестринде жашаган жерин каттоо аркылуу аныкталат.

МКК маалыматы боюнча, чыныгы жашап жаткан жери паспортто белгиленген каттоого алынган даректен айырмаланып турган жарандар бар. Мына ушуга байланыштуу, КР БШК чыныгы жашап жаткан жери паспортто белгиленген каттоого алынган даректен айырмаланып турган жарандарды өзүнүн маалыматтарын деталдаштыруу үчүн жашап жаткан жериндеги КТБга кайрылуусун өтүнөт.

Паспорту 2004-жылкы үлгүдөгү жарандар өз паспортторун алмаштырууга тийиш.

Ошондой эле, Кыргызстандан сырткары чыгып кеткен жана консулдук каттоого турган жарандар консулдук каттоодон чыгуу жана Кыргыз Республикасы боюнча тизмеге кирүү үчүн жашаган жери боюнча КТБга кайрылууга тийиш. Консулдук каттоодон алып салуу жарандардын кайрылуусу боюнча ишке ашырылгандыктан, арыздык мүнөзгө ээ.

Пикир

Оставить комментарий