• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

БШК бир мандаттуу округдардан талапкерлерди көрсөтүүнүн башталышы жөнүндө маалымат берет

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу округдардан көрсөтүлгөн талапкерлердин документтерин берүү мөөнөтү жөнүндө маалымдайт.

КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы чечими менен бекитилген 2021-жылдын 28-ноябрына пландаштырылган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук жана практикалык чаралардын графигине ылайык, бир мандаттуу округдар боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү округдардын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө 45 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2021-жылдын 13-октябрында (кошо алганда) аяктайт.

Шайлоо округдарынын схемалары жана чектери шайлоо күнү дайындалгандан кийин 7 календардык күндөн кечиктирилбестен же 2021-жылдын 6-сентябрына чейин түзүлөт жана бекитилет.

Ошол эле учурда, округдардын тизмеси БШКнын расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында округдар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде, башкача айтканда, 2021 -жылдын 10 -сентябрына чейин жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий