• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БШК Медиа-мектеп алкагында онлайн жолугушуу өткөрдү

Шайлоо 2023 0


Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Медиа-мектеп алкагында онлайн жолугушуу өткөрдү, мында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо тууралуу” Конституциялык мыйзамды талкууга алышты.

Жолугушуунун катышуучуларына алдыда боло турган шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу түшүндүрмө берилди, КР БШК мүчөсү Кайрат Маматов аларга шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо аралаш система боюнча өтөрүн айтты. Жаӊы мыйзамда каралган гендерлик жана жаштар квоталары тууралуу да айтылды.

Пропорционалдык система талапкерлердин тизмесин түзүүдө төмөнкү квоталар эске алынат:

Тизмелерди түзүүдө аялдар, этникалык азчылыктын өкүлдөрү, жаштар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн квоталар сакталат (60-берене):

- кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

  • бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;
  • 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
  • ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
  • кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

Борбордук шайлоо комиссиясына тизмени бергенден кийин анын курамы жана андагы талапкерлердин жайгашуу тартиби өзгөрбөшү керек. Талапкерлердин тизмесинен талапкер чыгып кеткен учурда анын катар номерин тизмедеги башка талапкер менен толтурууга жол берилбейт.

Жолугушуу 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий