• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР БШК менен TikTok тармакта саясий үгүт иштеринин алдын алуу үчүн кызматташат

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. КР Борбордук шайлоо комиссиясы TikTok тармагында саясий үгүт иштеринин алдын алуу үчүн кызматташат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай келишим БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен TikTok социалдык тармагынын КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен өз ара кызматтуу боюнча аймактык директору Александр Страховдун 29-сентябрдагы жолугушуусунун жүрүшүндө жетишилди.

КР БШК төрайымы ушул жылдын 28-ноябрында өтө турган өлкөнүн парламентине депутаттарды шайлоонун өзгөчөлүгү тууралуу маалымат берип, ага жалпысынан партиялык жана бир мандаттуу тизме боюнча миңге жакын талапкер катышарын белгиледи.

“Парламент депутаттарын шайлоонун жаңы аралаш системасынын киргизилишине байланыштуу, депутаттар ачык тизме боюнча саясий партиялардан да, бир мандаттуу округдарда да шайланса, жалпысынан миңге жакын талапкердин катышуусу күтүлүп жатат. Алар маалымат мейкиндигинде, анын ичинде социалдык тармактарда бири-бири менен активдүү атаандашат”, - деп белгиледи ал.

Шайлдабекова Кыргызстандын БШКсы TikTok платформасынын адилеттүү шайлоого көмөктөшүүгө жана TikTok платформасын адилетсиз саясий атаандаштыкка же башка деструктивдүү максаттарда колдонууга жол бербөөгө багытталган аракеттерин кубаттай турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий