• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР Чек ара кызматы: "Достук-унаа жол" көзөмөл өткөрүү жайы штаттык режимде иштеп жатат

Аймак 0

Бишкек, 23.04.22. /Кабар/. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде жайгашкан "Достук-унаа жол" көзөмөл өткөрүү жайы штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-апрель саат 20.30га карата көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын аймагынан Өзбекстанга кирүүгө 200гө жакын жарандын тыгыны байкалган.

"Бул көзөмөл өткөрүү жайында жарандардын (жүргүнчүлөрдүн) көбөйүшү циклдик (айрым убактарда кайталанып турган) мүнөзгө ээ жана дем алыш жана базар күндөрүндө (Кара-Суу базарында дүң соода күндөрү) катталган", - деп белгилешти Чек ара кызматынан.

Кошумчалай кетсек, мындан сырткары көзөмөл өткөрүү жайында курулуш иштери жүрүп жаткандыктан учурда чек арадан жүк менен өткөндөр жана жүксүз жарандар үчүн өзүнчө коридор каралган эмес.

"Достук-авто жол" көзөмөл өткөрүү жайында жарандардын (жүргүнчүлөрдүн) тыгынын азайтуу максатында өздүк курам көбөйтүлүп, бардык паспорт көзөмөл кабиналары иштеп жатат.

Ведомстводон кошумчалашкандай, бүгүн аталган көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу 10 миңден ашуун адам чек арадан өттү. Көзөмөл өткөрүү жайынын аймагында мыйзам бузуулар катталган жок.

"Көзөмөл өткөрүү жайына кире беришиндеги тартипти укук коргоо органдарынын кызматкерлери камсыздайт. Саат 21.30га карата жарандардын (жүргүнчүлөрдүн) тыгыны байкалган жок. Паспорттук текшерүүдөн өтүү үчүн кезекте турган бардык жарандар өткөрүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий