• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР Чек ара кызматы: Кыргыз тарап ок атууну токтотту, тажик аскерлери маал-маалы менен ок чыгарууда

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын бөлүктөрү жаңжалдуу кагылышуу болгон жерлерде ок атууну токтотту. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Белгиленгендей, тажик тараптан аткылоо басаңдады, бирок чек аранын айрым жерлеринде тажик аскерлери маал-маалы менен Кыргызстандын позицияларына ок чыгарууда.

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотууну макулдашканы тууралуу маалымдалган.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

Кечээ, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Саат 08:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланууда.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болууда.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 42 кыргызстандык жабыркады.

УКМК тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны колдонуп жатканын билдирди. Ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонууда.

Пикир

Оставить комментарий