• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу

Коом 0

Бишкек, 20.09.22 /Кабар/. Бүгүн, 20-сентябрь саат 08:30гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, 19-сентябрдан 20-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок.

"Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Тараптардын жумушчу комиссиялары кырдаалды деэскалациялоо жана кошумча күч жана каражаттарды мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына чыгаруу боюнча мурда келишилген келишимдердин аткарылышын текшерүү боюнча иш-чараларды улантат", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, жумушчу комиссиялар жыйындын жүрүшүндө кабыл алынган сунуштарды жана чечимдерди да карайт.

Пикир

Оставить комментарий