• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР Чек ара кызматы тажик тарапты ок атууну токтотуп, көйгөйлүү маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырат

Аймак 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалдын өнүгүшүнө өзгөчө тынчсыздануусун билдирет.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, кыргыз тарап соңку убакта мамлекеттик чек арада чагымчылдык көбөйгөнүн, ошол эле учурда тажик бийлиги кырдаалды турукташтыруу үчүн эч кандай аракеттерди көрбөгөндүгүн, тескерисинче чырдын күчөшүнө өбөлгө болуп жаткандыгын белгилейт.

Буга 2022-жылдын 27-январында Тажикстандын жарандары тарабынан Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесиндеги Баткен-Исфана жолун тосуу окуясы мисал боло алат. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында унаа жолу каттам үчүн ачылган. Бирок, маселе чечилгенине карабай, тажик тарап Кыргызстандын аскерлерине карата ок чыгарган.

КР УКМКнын Чек ара кызматы бул окуя чагымчылдык экенин, анын жоопкерчилиги толугу менен Тажикстандын УКМК жетекчилигине жүктөлөрүн билдирет.

"Тажик тарап атайылап чагымчылдык жасап, эки тараптан тең жоготууларга алып келген окуя жана кагылышуулар болду", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле маалда Тажикстан учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуп жатат деген бурмаланган маалыматтарды таратууда. Тажик чек арачылары акыркы убакта Кыргызстандын аймагында учкучсуз учуучу аппараттарды чалгындоо максатында колдонушканы Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилигине жеткирилген.

КР УКМКнын Чек ара кызматы ошондой тажик тараптын Кыргызстан менен чек арага аскердик техника, курал-жарактарды, күчтөрдү жана каражаттарын тартып жатканын белгилейт.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, террордук уюмдардын 8 миңдей согушкери топтолгон тажик-афган чек ара тилкесин бекемдөөнүн ордуна тажик тарап кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты күчөтүүгө бел байлаганы өзгөчө тынчсызданууну жаратат.

КР УКМКнын Чек ара кызматы тажик тарапты ок атууну токтотуп, көйгөйлүү маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий