• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

КР делегациясы япониялык компания менен маалыматтык технологиялар жаатында кызматташууну талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. 23-июлда КР президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев башында турган, курамына КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, министрдин орун басары - Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Шабданбаев кирген Кыргызстандын расмий делегациясы Токио-2020 32-Жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ошол эле күнү маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин Токиодогу Олимпиада жана Паралимпиада оюндарын өткөрүү боюнча Япониянын министри Тамайо Марукава, ошондой эле Япониянын Билим берүү, маданият, спорт, илим жана технологиялар министри Хагиуда Коити менен эл аралык жана эки тараптуу спорт тармагындагы күн тартиби боюнча өз ара аракеттенүү тууралуу кыска жолугушуулары болуп өттү.

2021-жылдын 26-июлунда кыргыз делегациясынын Япониянын Өкүлдөр палатасынын депутаты, Кыргыз Республикасы менен достук лигасынын лидери Ген Накатани менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, ошондой эле эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда байланыштарды орнотуу жана чыңдоо маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, 2022-жылы Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого арналган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Сапардын алкагында, үстүбүздөгү жылдын 27-июлунда КР делегациясы Япониянын "Muroo Systems Co. Ltd" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, анда тараптар маалыматтык технологиялар жаатында кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында япониялык компаниянын Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу жана КРнын тиешелүү органдары менен кеңейтилген жолугушуу өткөрүү тууралуу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий