• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР делегациясы Ислам кызматташтык уюмунун ТИМ башчылар кеңешинин сессиясына катышууда

Саясат 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев жетектеген делегация Ислам кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 49-сессиясына катышууда.

КР ТИМден билдиришкендей, сессия 16-17-мартта Мавританиянын Нуакшот шаарында "Сабырдуулук: коопсуздуктун жана стабилдүүлүктүн ачкычы" деген ураан астында өтүүдө.

Сессияга Мавританиянын тышкы иштер министри Мохамед Салем Оулд Мерзуг төрагалык кылууда жана ага Ислам кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлери, байкоочу өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Сессиянын жүрүшүндө катышуучулар уюмдун алкагында өз ара аракеттенүүнүн бир катар саясий, экономикалык, маданий, гуманитардык жана башка маселелерин карашат. Сессиянын күн тартиби ислам дүйнөсүнүн салттуу маселелерин, дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө мусулман коомчулугун жана анын маданиятын колдоону, ошондой эле зордук-зомбулук экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүдөгү заманбап коомдун актуалдуу көйгөйлөрүн, ошондой эле коопсуздук жана туруктуулук маселелерин талкуулоого арналган.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында Айбек Артыкбаев ИКУга мүчө-өлкөлөрдүн, ошондой эле өнөктөш мамлекеттердин делегация башчылары жана уюмдун байкоочулары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий