• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР делегациясы кыргыз-казак чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Астанага учуп кетет

Өкмөт 0

Бишкек, 01.12.17 /Кабар/. Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы бүгүн, 1-декабрда, казак тарап менен кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы “жол карта” долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Казакстан Республикасынын Астана шаарына учуп кетет. Бул тууралуу өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Сүйлөшүүлөр Минск шаарындагы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мааракелик жыйыны алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин макулдашууларын ишке ашыруу максатында өтөт.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, КР ЕАЭБдеги өкүлү Санжар Уметалиев, экономика министри Артем Новиков, тышкы иштер министринин орун басары Эмиль Кайкиев, Транспорт жана жол министрлигинин стат-катчысынын милдетин аткаруучу Эрмек Мамыркалиев, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Замирбек Осмонов, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимов, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов, Мамлекеттик чек-ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Кубатбек Жээнбаев жана КР Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Абдралиева бар.

Пикир

Оставить комментарий