• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР делегациясы Стокгольмдогу эл аралык экологиялык конференцияга катышууда

Өкмөт 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Президенттик администрациянын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы Алмаз Исанов жана КР Экономикалык саясатты изилдөө институтунун директору Жарасул уулу Элдияр Стокгольмдогу (Швеция) эл аралык экологиялык конференцияга катышууда.

Бул дүйнөлүк жолугушуу аракеттердин 10 жылдыгына арналган жана «Стокгольм+50: бардыгынын гүлдөп-өнүгүүсү үчүн дени сак планета – биздин жоопкерчилик, биздин мүмкүнчүлүк» деген темада өтүүдө.

Стокгольм+50 жыйыны 1972-жылы кабыл алынган БУУнун Адамдын айлана-чөйрөсү боюнча конференциясынын алкагында жана глобалдык экологиялык кыймылдын 50 жылдыгынын урматына өткөрүлүп жатат.

Жердин үч тараптуу планетардык кризиси менен (климаттын өзгөрүшү, жаратылышты талкалоо жана булгоо) күрөшүүдө көп тараптуулуктун маанилүүлүгүн моюнга алуу менен бул иш-чара БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына, анын ичинде 2030-жылга чейинки күн тартибине жетүү боюнча иш-аракетинин 10 жылдыгын ишке ашырууну тездетүү үчүн трамплин катары кызмат кылат. Анын ичинде 2030-жылга чейинки күн тартиби, климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишими, 2020-жылдан кийинки Дүйнөлүк биоартүрдүүлүк алкактарын жана COVID-19дан кийинки жашыл калыбына келтирүү пландарын колдоо.

Пикир

Оставить комментарий