• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Молдогазиев Польшада ЖККУ тышкы иштер министрлер кеңешинин отурума катышууда

Саясат 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. 1-2-декабрда тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жетектеген КР делегациясы Польшанын Лодзь шаарында өтүп жаткан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин 29-отурумуна катышууда.

КР ТИМинин басма сөз кызматынан билдиргендей, 1-декабрда делегациянын башчысы “Климаттын өзгөрүүсү жана тоолуу аймактардагы коопсуздук” темасындагы ЕККУнун башкы катчысы Хельга Мария Шмид тарабынан уюштурулган сайд-ивентте сөз сүйлөдү.

Министрдин орун басары Молдогазиев катышуучуларды тоолуу аймактар климаттын өзгөрүүсүнөн улам кандай коркунучтарга дуушар болууда экендиги жөнүндө маалымдады. Тактап айтканда, тоо мөңгүлөрүнүн тез эрүүсү, тоо көлдөрүнүн ташкындашы, жер жана кар көчкүлөрү сыяктуу табигый кырсыктардын көбөйүүсү, суу ресурстарынын азаюусу жана буга байланышкан өлкөлөр ортосунда талаш-тартыштардын болуу ыктымалдуулугу, айыл чарбанын абалынын начарлашы жана азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралуусу сыяктуу чакырыктарга көңүл бурулду.

Айбек Молдогазиев эл аралык коомчулукту ушул чакырыктар жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн бириктирүү максатында КР президенти Садыр Жапаров 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялоо демилгесин көтөргөнүн билдирди. Бул боюнча тийиштүү резолюциянын долбоору учурда БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында каралууда.

Молдогазиев катышуучуларды Кыргызстандын мындан башка да тоолорго байланышкан эл аралык демилгелери жана улуттук деңгээлде көрүп жаткан чаралары жөнүндө маалымдап, үстүбүздөгү жыл президенттин жарлыгы менен өлкөдө “Тоо экотутумдарын коргоонун жана климаттык туруктуулуктун жылы” деп жарыяланганын белгиледи.

Мындан тышкары, КР министрлер кабинети бул жылды өткөрүү боюнча Жол карта кабыл алды. Анын негизги аспектилеринин бири — "Жашыл Мурас" программасы экени жана бул программанын алкагында жылына тоолуу аймактарда нымдуулукту табигый сактоочу болгон дарактардын 5-6 миллион көчөтү отургузулуп тураары айтылды.

Пикир

Оставить комментарий