• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын дин аалымдары Бухарадагы Мир-Араб медресесинин иши менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев баштаган делегация Бухарадагы 500 жылдык тарыхы бар Мир-Араб медресесинин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Диний окуу жайдын жетекчилиги маалымдагандай, Мир-Араб медресеси – Бухара шаарындагы 16-кылымдагы ислам билим берүү, руханий-агартуу жана мемориалдык-диний имарат. 1993-жылы Бухаранын башка кооз жерлери менен бирге Өзбекстандагы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Мир-Араб медресесинин курулушу (1535-1536) алгачкы шейбаниддердин руханий насаатчысы, Мир-и Араб деген ат менен белгилүү болгон шейх Абдалла Яманиге (Йеменден) таандык. 16-кылымда Мир-Араб медресесинин курулушу геометриялык, өсүмдүк жана каллиграфиялык жазуулар жана оймо-чиймелер менен кооздолгон түрдүү таш мозаика басымдуулук кылат.

Учурда окуу жайда студенттер үчүн абдан мыкты шарттар каралган.

Пикир

Оставить комментарий