• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР дин аалымдары Москва шаарынын Муфтийи менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 12.03.18 /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов, Кыргызстан Мусулмандарынын Аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев, Орусия Федерациясынын Мусулмандар Дин Башкармалыгынын Кыргызстандагы өкүлү жана Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин кеңешчиси Азамат Исмагамбетов жана КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев Москва шаарынын Муфтийи Ильдар Аляутдинов менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Эки тараптуу жолугушууда Москва шаарынын Муфтийи дин башкармалыктын ишмердүүлүгү, Муфтияттын алдындагы “Зекет” фондунун жана “Дар” маданий борборунун ишмердүүлүгү боюнча айтып, бул иштердин бардыгы туура динди жеткирүүдө жана Ислам дининин баалуулуктарын коомчулукка көрсөтүүдө өзүнүн салымын кошоорун билдирди. Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов Москва шаарынын Муфтийи Ильдар Аляутдиновго жылуу тосуп алгандыгы үчүн өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, кыргыз эилинин саламын жолдоду.

Андан соң Москва шаарынын Муфтийи Кыргызстандык меймандарды “Дар” маданий борборунун ишмердүүлүгү менен тааныштырып, радио студия, спорт зал, китепкана, сабак өтүүчү жайларга түзүлгөн шарттар жана ашканадагы талаптарты көрсөтүп, бул маданий борбордо бардык шарттар орун алгандыгын баса белгиледи.

““Дар” маданий борборуна жаш бөбөктөр жана чоң кишилер келип билим алып, ден-соолуктарын бекемдешет. Албетте, булардын бардыгы Ислам дининин баалуулуктарын туура жеткирүүдө чоң өбөлгө болот. Эшигибиз бардык жарандар үчүн ачык”,-деди Ильдар Аляутдинов.

Аталган жолугушууга кадырлуу мейман катары Казакстан Республикасынын белгилүү дин аалымы Абдугафар Сманов катышты.

Пикир

Оставить комментарий