• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР Дипакадемиясы менен Улуу Британиянын Кембридж университети кызматташат

Билим 0

Бишкек, 03.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов, КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору Чынара Адамкулова жана Дипломатиялык академиясынын проректору Зайнидин Курманов Кембридж форумунун Борбордук Азия боюнча жетекчиси Сиддхарт Саксена менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Улуу Британиядагы Кембридж университетинин ортосундагы кызматташтыкты орнотуунун алкагында өттү.

Тараптар биргелешкен илимий-изилдөөлөрдү, иш-чараларды жана эл аралык билим берүү долбоорлорду ишке ашырууда эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушууда биргелешкен лекцияларды жана семинарларды өткөрүү боюнча жана ошондой эле Дипломатиялык академиянын илимий жана билим берүү потенциалын өнүктүрүү, биргелешкен программаларды ишке ашырууга катышуу боюнча конкреттүү макулдашуулар жетишилди.

Ошондой эле аталган иш сапардын алкагында Кембридж университетинин Борбордук Азия боюнча профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери менен жолугушуу болуп, региондо болуп жаткан процесстер, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан маанилүү реформалар боюнча терең пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий