• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР Дипломатиялык академиясы менен Эл аралык иштер боюнча индиялык кеңешинин ортосунда меморандумга кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. 2020-жылдын 25-февралында Нью-Дели шаарында Индиянын ТИМнин Дипломатиялык кызмат институтунун чакыруусу менен КР ТИМнин Дипломатиялык академиясынын Ректору Ч.Адамкулованын Индияга иш сапары болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Индиядагы элчилигинен билдиришти.

Сапардын алкагында Ректор Ч.Адамкулова жана КРнын Индиядагы элчиси А.Исаев Индиянын ТИМнин Дипломатиялык кызмат институтунун, ошондой эле Эл аралык иштер боюнча индиялык кеңешинин жетекчилиги менен иш жолугушууларын өткөрүштү.

Индиянын ТИМнин Дипломатиялык кызмат институтунун ректору Ж.С.Мукул мырза менен жолугушууда тараптар 2016-жылдын 20-декабрында кол коюлган КР ТИМнин Дипакадемиясынын жана Индия ТИМнин Дипкызмат институтунун ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумунун алкагында кызматташтыкты мындан ары бекемдөө боюнча кадамдарды талкуулашты.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандан 24 дипломат институт тарабынан чет өлкөлүк дипломаттар үчүн өткөрүлгөн курстарына катышышкан.

Тараптар КР өкүлдөрүнө стажировка жана курстардын санын көбөйтүү тууралуу маелени талкуулашты.

Эл аралык иштер боюнча индиялык кеңешинин башкы директору Т.Рагаван мырза менен жолугушуунун жүрүшүндө тараптар иш-чараларды өткөрүүнүн биргелешкен пландарын көздөшүп, ошондой эле изилдөө тармагында окуу жана тажрыйба менен алмашуу максатында өздөрүнүн делегацияларынын өз ара сапарларын уюштуруу боюнча макулдашышты.

Индиялык тарап КР ТИМнин Дипакадемиясынын алдында аналитикалык борборун ачуу маселеси боюнча көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун маанилүү бөлүгү болуп КР ТИМнин Дипломатиялык академиясы менен Эл аралык иштер боюнча индиялык кеңешинин ортосунда кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумуна кол коюлду.

Меморандумда теңдик жана өз ара пайданын негизинде кызматташтыктын ар кандай багыттары көрсөтүлгөн.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары тыгыз өз ара аракеттешүүгө жана кол коюлган меморандумдун алкагында кызматташууга өз ара кызыкчылыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий