• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын кошумча аккредитациялоо жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Президент 0

Бишкек. 20.03.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын кошумча аккредитациялоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлыкта кошумча аккредитациялоо маселелеринде КР чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн ишин өркүндөтүү максатында, ошондой эле “Мамлекеттик органдардын КР тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесин жетекчиликке алып, төмөндөгүдөй токтом кылынат:

– Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын кошумча аккредитациялоо тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

– Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул жарлыктын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын кошумча аккредитациялоо боюнча сунуштарды киргизсин.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын кошумча аккредитациялоо:

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы

Кошумча аккредитацияланган чет мамлекет

1.

Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Венгрия

Словакия Республикасы

Чех Республикасы

2.

Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Грузия

3.

Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Латвия Республикасы

Литва Республикасы

Эстония Республикасы

4.

Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Улуу Люксембург Герцогдугу

Нидерланддар Королдугу

Франция Республикасы

5.

Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Ирландия

Исландия

6.

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Ватикан Мамлекети

Дания Королдугу

Норвегия Королдугу

Польша Республикасы

Швеция Королдугу

7.

Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Монголия

Сингапур Республикасы

8.

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Вьетнам Социалисттик Республикасы

9.

Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Бахрейн Падышалыгы

Иордания Хашимит Падышалыгы

Ирак Республикасы

10.

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Бруней-Даруссалам Мамлекети

Индонезия Республикасы

Таиланд Королдугу

11.

Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Оман Султанаты

12.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Армения Республикасы

Босния жана Герцеговина

Греция Республикасы

Финляндия Республикасы

Хорватия Республикасы

Черногория

13.

Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Египет Араб Республикасы

14.

Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Бразилия Федеративдүү Республикасы Канада

Мексика Кошмо Штаттары

15.

Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Болгария Республикасы

Молдова Республикасы

Румыния

16.

Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Италия Республикасы

Лихтенштейн Княздыгы

Сан-Марино Республикасы

17.

Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Австралия Союзу

Жаңы Зеландия

Филиппин Республикасы

Пикир

Оставить комментарий