• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР дзюдо курама командасы Ислам оюндарына даярдык көрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 19-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. КР Улуттук дзюдо курама командасы Ысык-Көлдүн жээгинде окуу-машыгуулардан өтүп жатат.

КР дзюдо федерациясы билдиргендей, дзюдочулар майда өтүүчү Ислам оюндарына жана Азия Чемпионатына даярдыктарды көрүп жатышат.

IV Ислам тилектештигинин оюндары 2017-жылы 12-22-майда Бакуда (Азербайжан) өтөт. Ага 3 миңден ашык спортчулардын жана 49 улуттук олимпиадалык комитеттердин расмий адамдарынын катышуусу күтүлүүдө.

Кыргызстан Исламиаданын программасына кирген 21 спорттун түрүнүн 11не катышат: сууда сүзүү, күрөш, дзюдо, бокс, ок атуу, көркөм гимнастика, жеңил атлетика, таэквондо, ушу саньшоу, волейбол, зорхана.

Пикир

Оставить комментарий