• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР дзюдо курамасы Германияда машыгууда жүрөт

Спорт 0

Бишкек, 28.02.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусов баштаган Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курамы Дюссельдорф (Германия) шаарында окуу-машыгуулардан өтүп жатышат.

“Кабар” агенттигине КРнын спорттун бул түрү боюнча федерациясынан билдиришкендей машыгуулар 1-мартка чейин уланат.

“Бул өлкөбүздү Жакарта (Индонезия) шаарында 18-августтан 2-сентябрга чейин өтө турган Азия оюндарында татыктуу алып чыгуу үчүн даярдык көрүүнүн баскычтарынын бири”, - деп белгилешти федерациядан.

Ошондой эле апрелде дзюдочулар Олимпиада оюндары үчүн упай топтоо максатында Түркиядагы эл аралык турнирге, майда Кытайдагы мелдештерге катышышат.

Пикир

Оставить комментарий