• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР дзюдочулары Казакстанда өткөн мелдеште “алтын” жана “күмүш” утушту

Спорт 0

Бишкек, 25.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. КР дзюдочулары Казакстанда өткөн мелдеште эки медаль – алтын жана күмүш утушту. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Маалыматтка ылайык, мелдеш Темиртау шаарында 18нен 21-октябрь күндөрү өткөрүлгөн.

Анда Казакстан, Россия, Украина, Өзбекстан, Кыргызстан, Армения, Грузия, Греция жана Тажикстандан дзюдочулар катышкан.

КРден барган катышуучу Сыймык Жапаров 90 кг салмактан жогору категория боюнча биринчи орунду ээлеген. Ал эми Нурсалим Иличбек уулу 73 кг салмакка чейинки категория боюнча “күмүш” медаль тагынган.

Пикир

Оставить комментарий