• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР дзюдочулары Кытайдагы турнирге катышат

Спорт 0

Бишкек, 24.05.18. /Кабар/. Кыргызстандын дзюдочулары Кытайда өтө турган Эл аралык “Гран-При Хоххот” турнирине катышат. Бул тууралуу КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Турнир Хоххот (КЭР) шаарында эртең башталып, 28-майга чейин уланат.

Кыргызстандын атынан барчу спортчулардын тизмеси: Артур Те, Юрий Краковецкий, Болот Токтогонов, Сергей Мистрюков (ага машыктыруучу) жана Абдужалил Юнусов (башкы машыктыруучу).

Мелдешке барчу балбандар спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланат. Дирекциянын бюджетинен 744 миң сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий