• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР Эгемендүүлүгүнө 30 жыл. Душанбеде спорттук жана маданий иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесин белгилөөнүн алкагында Душанбеде спорттук жана маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КРнын Тажикстандагы элчилиги аталган өлкөдөгү “Мекендеш” улуттук-маданий борбору менен биргеликте футболдук турнир уюштурган.

Турнирге Тажикстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан Кыргызстандын жарандары катышкан. Турнирдин аягында жеңүүчүлөр жана катышуучулар кубок жана белектер менен сыйланган.

Андан сырткары, КРнын Тажикстандагы элчилиги Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Душанбе шаарында окуган кыргызстандык студенттердин жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда маданий иш-чара уюштурган. Бул иш-чаранын алкагында режиссер Садык Шер-Нияздын “Курманжан Датка” кинотасмасы көрсөтүлдү.

Ошондой эле кыргыз студенттери кыргыздын белгилүү акындарынын ырларын окушту, мыктыларына Чыңгыз Айтматовдун кыргыз тилиндеги китептери таратылды.

Пикир

Оставить комментарий