• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

КР эгемендүүлүгүнө 30 жыл. Екатеринбургда шахмат боюнча турнир өттү

Коом 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 18-сентябрында Екатеринбург шаарында ѳспүрүм балдар жана кыздар арасында шахмат боюнча турнир өткөрүлүп, ага Уралдын жаштары жана алар менен бирге кыргыз мекендештердин балдары катышты.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, турнир Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып, Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун жана КР акыйкатчысынын Россиянын Урал федералдык аймагы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте шаардык Шахмат федерациясынын колдоосу менен өткөрүлдү.

Мелдешти КР акыйкатчысы Токон Мамытов ардактуу конок катары расмий түрдѳ ачып берди. Ал Свердлов облусуна россия тараптын чакыруусунун негизинде эл аралык эксперт катары, Россиянын Мамлекеттик Думасына, регионалдык Мыйзам чыгаруу жыйынына жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлчүлүктөрүнө депутаттарды шайлоо иш-чараларына катышуу үчүн келген.

Ошондой эле мелдештин ачылыш аземине КРнын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосунов, «Интеллект» спорт мектебинин директору Валентин Кормушев, Екатеринбургдун администрациясынын жана Шахмат федерациясынын ѳкүлдѳрү, кыргыз диаспоралык уюмдарынын активисттери, андан сырткары турнирдин жаш шахмат сүйүүчүлөрү жана алардын ата-энелери катышты.

Иш-чаранын коноктору жана уюштуруучулары кыргызстандыктарды КР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, мелдештин катышуучуларына ийгиликтүү оюнду жана жакшы натыйжаларга жетишүүнү каалашты.

Балдар жана кыздар арасындагы турнир (2004-жылы туулган жана андан кичүү) Россиянын тез шахмат рейтингине ылайык 7 тур эрежесинде өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана белектер менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий