• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР эгемендүүлүгүнө 30 жыл. Эль-Кувейтте салтанаттуу иш-чара уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Кувейттеги элчилиги өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого карата Кувейт мамлекетиндеги кыргыз диаспорасынын катышуусунда салтанаттуу иш-чара уюштурду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов кыргыз жарандарынын алдында сөз сүйлөп, КРнын жаңы жетекчилиги аныктаган артыкчылыктуу багыттарды жана чет өлкөдө жашаган жарандар менен өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөнүн зарылчылыгы тууралуу белгиледи.

Иш-чаранын катышуучуларына эгемендүүлүк жылдарындагы кыргыз-кувейт мамилелеринин өнүгүшү жана азыркы абалы тууралуу кыскача маалымат берди.

А.Карагулов 2021-жылдын 28-ноябрында КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону өткөрүү жөнүндө жарандарга маалымдап, аларды шайлоо укугун активдүү колдонууга үндөдү.

Андан кийин элчи КР жарандарынын орчундуу суроолоруна жооп берди. Өз кезегинде, мекендештер 2021-жылдын 23-июнунда иштеп баштаган «Кувейт – Бишкек - Кувейт» багыты боюнча түз аба каттамын ачуу аракеттери үчүн элчиликке ыраазычылыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий