• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР эгемендүүлүгүнө 30 жыл. Сургут шаарында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында 2021-жылдын 5-сентябрында мекендештер арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдешке кыргыз диаспора уюмдары тарабынан түзүлгөн командалар катышты.

Майрамдык иш-чаранын коноктору болуп кыргыз коомдук бирикмелеринин лидерлери жана активисттери, ошондой эле жаш мекендештер катышты.

Майрамдык иш-чарада элчиликтин канцеляриясынын жетекчиси У.Ашимов куттуктоо сөзүн сүйлөдү, ал көрүүчүлөргө Кыргызстандын эгемендүүлүгүн майрамдоонун тарыхы жөнүндө айтып берип, Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Турнирдин соңунда жеңүүчү командаларга сыйлыктар жана белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, иш-чара Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Сургут шаарындагы канцеляриясынын демилгеси менен Сургут шаарындагы кыргыз коомдук бирикмелеринин активисттери тарабынан ишке ашырылды.

Пикир

Оставить комментарий