• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нью-Йоркто КР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды

Коом 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 20-сентябрында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгына катышуусунун алкагында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн ачты.и Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара БУУнун штаб-квартирасында өттү. Көргөзмөнүн жүрүшүндө өлкөнүн байыркы тарыхын, кооз жерлерин, улуттук спорт оюндарын, маданиятын жана жаратылышын, ошондой эле КРнын БУУ менен болгон мамилесин чагылдырган сүрөттөр көрсөтүлдү.

Сүрөт көргөзмө Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгына катышкан чет мамлекеттердин делегацияларынын бардык мүчөлөрүнө жеткиликтүү болот.

Пикир

Оставить комментарий