• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«КР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы: тышкы саясаттын негизги этаптары» аттуу эл аралык илимий конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 30.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 30-августунда КР Тышкы иштер министрлиги министрликтин В. Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык Академиясы менен бирдикте Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган конференция өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага КР президенти Садыр Жапаров катышып, кириш сөз менен сүйлөдү. Ага КРда аккредитацияланган дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары, ардактуу консулдар, дипломатиялык кызматтын ардагерлери, эл аралык окумуштуулар жана эксперттер да катышышты.

Конференциянын максаты Кыргызстандын тышкы саясаты, өткөн мезгилдеги эл аралык кызматташтыгы жана заманбап шарттарда эл аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо максатта уюштурулган.

Конференцияны кириш сөзү менен КР тышкы иштер министри Р.А.Казакбаев ачты.

Кийинки кириш сөздү КР Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Тазабек Икрамов сүйлөдү.

Конференцияда эки панелдик сессия болду. «Жаш суверендүү мамлекет жана анын эл аралык укуктук субъектилигин чыңдоодо глобалдык жана регионалдык уюмдардын ролу» аттуу биринчи бөлүгүндө (модератор КР АЫУЭ, КР ТИМ ДАнын профессору Л.А.Иманалиева) конференциянын катышуучулары төмөнкү докладдарды угуп, талкуулашты:

1. Кыргыз Республикасындагы БУУнун өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен айымдын;

2. Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн Башчысынын милдетин аткаруучу Раймондс Вингрис мырзанын;

3. Кыргыз Республикасындагы ЕККУнун Программалык офисинин башчысы Алексей Рогов мырзанын.

«Эл аралык укуктук мейкиндик багытындагы Борбор Азиядагы интеграциялык процесстер жана Кыргызстандын дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрү» аттуу сессиясынын экинчи бөлүгүндө (модератор КР АЫУЭ, КР ТИМ ДАнын профессору А.Ж.Бешимов) төмөнкү докладдар угулуп, талкууланды:

1. Кыргыз Республикасындагы Өзбек Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Х.М.Мирзахидовдун;

2. Кыргыз Республикасындагы Казак Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Р.С.Жошыбаевдин;

3. Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айымдын.

Конференция кызыкдар атмосферада өтүп, Кыргыз Республикасынын 30 жылдык тышкы саясий ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Көптөгөн сөздөр, комментарийлер, эскертүүлөр жана суроолор ааламдашуу шартында өлкөлөрдүн эл аралык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жаңыча көтөрүштү, бул конференциянын катышуучуларынын кызуу талкуусун жаратты.

Пикир

Оставить комментарий