• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында Киевде спорттук мелдештер өттү

Коом 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. КР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында Киевде спорттук мелдештер өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Украинадагы элчилиги Киев шаарындагы диаспора менен биргеликте мини-футбол, стол тенниси, улуттук оюндар жана ар түрдүү эстафеталар боюнча чоңдордун жана жаш өспүрүмдөрдүн арасында спорттук мелдеш өткөрдү.

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Жусупбек Шарипов өзүнүн саламдашуу сөзүндө Украинананы аймагында жашап жаткан Кыргызстандын жарандарын куттуктап, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү тууралуу маалымдап, чет өлкөдө жашап жаткан кыргыз жарандарынын сыртта туруп өз өлкөсүнө кошкон салымы тууралуу айтып, ошондой эле, калктын жашоосун жакшыртуу максатында өкмөт тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу баяндады.

Спорттук мелдештердин жыйынтыгы боюнча, жеңүүчүлөргө кубок, медаль, дипломдор тапшырылып, жаш балдар сыйлуу белектер менен сыйланды. Ошондой эле, майрамды белгилөө максатында кыргыздардын кол өнөрчүлүгү боюнча жана Кыргызстандын кооз жерлери жөнүндө көргөзмөлөр уюштурулду.

Ошондой эле, Киев шаарынын борбордук көчөлөрүндө жайгашкан “LED-экрандарга” Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы тууралуу видео-ролик чыгарылган. Ал эми, Одесса шаарында кыргыз жарандары үчүн “Курманжан Датка” аттуу көркөм тасмасы көрсөтүлдү.

Бардык иш-чаралар эпидемиологиялык эрежелерди колдонуу жана кишинин санын чектөө менен өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий