• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР экономика министри Дохада Катардын премьер-министри менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. Доха шаарында Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев Катар Мамлекетинин премьер-министри - ички иштер министри шейх Абдулла бин Нассер бин Халиф Аль-Тани тарабынан кабыл алынды.

КР Экономика министрлигинин басма кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө министр А.Кожошев КР премьер-министри С.Жээнбековдун атынан куттуктоо сөзүн билдирип, тынчтык, өнүгүү жана саламаттык каалап кетти.

Ал КР Катар Мамлекети менен ар тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдар экендигин баса белгилеп, Доха шаарында өтүүчү кыргыз-катар экономикалык, соода жана техникалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйыны тууралуу маалымдады.

Өз кезегинде Катар Мамлекетинин премьер-министри шейх Абдулла бин Нассер бин Халифа Аль-Тани катар-кыргыз эки жактуу мамилелерин тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык алакалардын чыңдалышын өбөлгөлөгөн өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын өтүшүн кубаттады.

Пикир

Оставить комментарий