• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Экономика министрлиги Жашыл климаттык фондунда Улуттук ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелет

Экономика 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. Экономика министрлигинде БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен жашыл экономика жана климаттын өзгөрүүсү боюнча жолугушуу болуп өттү.

Министрликтен белгилешкендей, Экономика министрлиги стратегиялык пландоо, туруктуу өнүгүү жана жашыл экономиканы өстүрүүгө жооптуу мамлекет орган катары Жашыл климаттык фондунда Улуттук ыйгарым укуктуу орган деп белгиленген (өкмөттүн 2020-жылдын 20-январындагы токтому).

Жолугушууда министр билдиргендей, жашыл экономиканы алдыга жылдыруу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптация жана митигация боюнча чараларды көрүү үчүн жашыл экономиканы өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшү боюнча Координациялык кеңеш түзүлгөн. Белгилүү болгондой, 2019-жылдын ноябрь айында Кыргызстан климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишиминин ратификациялаган.

Андан тышкары, Кыргызстанда 2019-2023-жылдарга карата Жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий