• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР экономисттери Кыргызстан дүйнөнүн 50 жакыр өлкөсүнө кирген Global Finance рейтинги менен макул эмес

Экономика 0

Бишкек, 9-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Атамекендик экономисттер Кыргызстан дүйнөнүн 50 жакыр өлкөсүнө кирген Global Finance рейтинги менен макул эмес.

Белгилей кетсек, Global Finance америкалык каржы басылмасы дүйнөнүн бай жана жакыр өлкөлөрүнүн рейтингин сунуштаган. Анда Кыргызстан 6 позиция төмөндөп, 148-орунду ээлейт.

Дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан Папуа-Жаңы Гвинея жана Джибути өлкөлөрүнүн ортосунда турат. Рейтингдин негизи катары Бүткүл дүйнөлүк банк, Эл аралык валюталык фонд жана калктын жан башына ИДП көрсөткүчтөрү алынат.

Экономист Жумакадыр Акенеевдин пикиринде, чындыгында Кыргызстан рейтингде көрсөтүлгөндөй жакыр эмес.

“Чыныгы көрсөткүчтөр мындай эмес. Балким, өлкөдө калктын жакыр катмары бар, бирок негизги бөлүгү жеткиликтүү жашайт. Рейтинг Кыргызстанга карата туура эмес түзүлгөн. Себеби, Борбор Азия боюнча алганда, биздин алдыбызда Казакстан гана турат. Ал эми Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан алдыда эмес экени айкын. Ошондуктан, Түркмөнстан эмнеге 73-орунду ээлегени мага түшүнүксүз. Чыныгы көрсөткүчтөрдү алсак, Кыргызстан бул рейтингде 70-80-чи деңгээлде турушу керек эле”, - деп эсептейт Ж.Акенеев.

Пикир

Оставить комментарий